Мекешова Замира

Википедия дан

Мекешова Замира (18. 3. 1956-ж. туулган, Жумгал району, Өрнөк кыштагы) - дасыккан педагог, жогорку категориядагы мугалим, жетекчи кызматкер.

  • СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн (1979).
  • Эмгек жолун 1979-ж. Жумгал районундагы Өрнөк орто мектебинде география мугалими болуп баштап, ал жерде 1981-жылга чейин иштеген.
  • Кийинчерээк, 1981-жылдан Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой кыштагындагы Түркмөн атындагы орто мектепте география мугалими, 1994-жылдан окуу бөлүмүнүн башчысы, директордун орун басары, 1995-2006-жылдары ушул эле мектепте 11 жыл директор болуп үзүрлүү эмгектенип келген.
  • Өз ишин жакшы билген, уюштуруу жөндөмдүүлүгү жогору инсан.
  • Ал мектепте жетекчи болуп иштеп турганда «Манас залы», «Улутук зал» жана «Жаратылыш бурчун» уюштурган.
  • Мектептин айланасын жашылдандырууда эмгеги зор.
  • 2000-ж. Кыргыз Республи касынын мугалимдеринин 1-курултайына делегат болгон.
  • Суусамыр айылдык кеңешине 2001-жана 2008-ж. депутат болуп шайланган.
  • «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин ээси (2000).
  • Облустук элге билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган.
  • Учурда ошол эле мектепте мугалим болуп эмгектенүүдө.
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана согуштун ардагерлерине эстелик тургузууга активдүү катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9