Тахира Менаждинова

Википедия дан
Менаждинова, Тахира‎»‎ барагынан багытталды)

Тахира Менаждинова – белгилүү татар опера ырчысы, профессор.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1952-жылы 16-мартта Орусиянын борбору Москванын чет жакасындагы Долгопрудный районунун Хлебниково кыштагында туулган.

Долгопрудный шаарындагы музыкалык мектептен таалим алган.

1980-жылы Москвадагы П.П.Чайковский атындагы Мамлекеттик консерваторияны аяктаган. Анын окутуучусу айтылуу Елена Образцова болгон.

Образцова айым аны кыргыз дирижеру Асанкан Жумакматовдун өнөр мектебине жолдоп, Тахира айым 1981-1988-жылдары Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында опера ырчысы болуп иштеген.

Ал айтылуу кыргыз солисти Болот Миңжылкиев менен чогуу иштешкен.

Москвадагы Чоң театрда да иштеген.

1993-жылдан Чехиянын борбору Прага шаарында жашайт.

Прага мамлекеттик опера театрынын солисти жана Прага эл аралык консерваториясынын профессору.

Коомдук иши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылы 30-сентябрда ал Прага шаарында Чыңгыз Айтматов менен Болот Миңжылкиевдин элесине арналган эскерүү кечесин жана концерт уюштурган. (TT)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]