Менделеев, Дмитрий Иванович

Wikipedia дан

Дмитрий Иванович Менделеев - Орустун улуу окумуштуу химиги, илимпоз педогог жана коомдук ишмер. Ал 1834-жылы 8-февралда Тобольск гимназиясынын директорунун үй-бүлөсүндө туулган. Гимназиядан кийин Петербургдагы педогогикалык институттун физика-математика факультетинин табият таануу бөлүмүнө кирип, аны алтын медаль менен (1855-жылы) бүтүргөн. Эки жыл мугалимдик кесипте, кийин 1857-жылы Петербург университетинде иштеген. 1861-жылы анын "Органикалык химия" деген китеби жарыкка чыгып, Петербург Илимдер Академиясынын Демидов сыйлыгына татыктуу болгон. Жаш окумуштуунун чет өлкөлөргө командировкада болушу анын өмүрүндөгү өтө маанилүү окуя болот. Ал Карлсруэде өткөн. Бүткүл дүйнөлүк химиктердин сьездинде катышып, Дальтон атом массасы жөнүндөгү идеяны айтып чыгат. Бирок анын, атом массаларын белгилөө методу туура эмес болуп, бул идея химиктердин арасында оңой менен элдешпей турган ар кандай пикирлерди туудурган. Атомдун бар экендигин жокко чыгарган пикирлерди чечиш үчүн кайрадан Карлсруэде сьезд чакырылып, андай атомдук окууга каршы чыккандарга катуу сокку берилет да, элементтердин салыштырмалуу атом массаларын аныктоонун талашсыз жолдору табылат. Көп узабай эле Менделеев "Спирттин суу менен кошулушу жөнүндө ой" деген темада диссертация жактаган. Ушул илимий иштен баштап ал эриген зат эриткич менен туруксуз бирикмелерди түзө тургандыгы менен эрүүнү түшүндүрүүчү эритмелердин химиялык теориясын өнүктүргөн. 1864-1866-жылы Петербург технология институтунда иштеп, Петербург университетинин профессору (1876) болуп, Петербург Илимдер Академиясынын мүчө-корреспондентине шайланган.

Д. И. Менделеев 1869-ж. элементтер атом массасы жана химиялык окшоштуктарына негизделген элементтердин мезгилдик системасын сунуштаган.

Окумуштуунун 500 дөн ашык илимий эмгектери бар, алар айыл чарбасынын экономикасына, химия, химиялык технология, физика, метрология жана башка маселелерге арналган. Улуу окумуштуу кандай гана иштин үстүндө иштебесин, бардык эмгектеринде теория менен практика үзгүлтүксүз айкалышып, анын илимий максаты өтө кең болгон. Академик Бах Менделеевдин эмгегин жогору баалап: "Химиялык физикалык, геологиялык техникалык жана башка изилдөөлөрдө мезгилдик система алыс жолду көрсөтүүчү жылдыз нурундай кызмат кылып келди жана кызмат кыла бермекчи" - деп айткан. Ал так өлчөөнүн техникасына, абада учуу теориясына, физикага, химиялык технологияга терен негиз салган. Илимдин негизги максаты-илимий алдын-ала айта билүү жана анын жетишкендиктерин иш жүзүндө пайдалануу деп эсептеген. Дмитрий Иванович Меделеевдин илимий жана техникалык идеялары совет жана чет өлкөлүк окумуштуулардын эмгектеринде өнүгүп, практикада иш жүзүндө ашырылып жатат. Ал 1907-жылы Петербургда дүйнөдөн кайткан. Физика жана химия илимдери боюнча көрүнүктүү иштерге СССР Илимдер Академиясы ыйгаруучу Менделеев сыйлыгы бар. Москвадагы химия-технология жана Тобольск мамлекеттик пединститутуна окумуштуунун ысымы берилген. Дмитрий Иванович Менделеевдин ысымы 1964-жылы дүйнөдөгү улуу окумуштуулардын Брижпорт университетиндеги (АКШ) Ардак тактасына жазылган.

Адабият[оңдоо]

Менделеев Дмитрий Иванович // Кыргыз Совет Энциклопедиясы Т.4. - Ф.,1980. - Б.226-227; Ташкенбаев К. Улуу химиктин мурасы улантылууда // Сов.Кыргызстан. - 1969. - 18-март.