Менингит

Википедия дан
Мээ кабыктарынын схемалык көрсөтүлүшү (жара кесилген): 1—баш сөөгү; 2—4—мээ кабыктары (2— катуу, 3— торчо, 4— жумшак кабык); 5—6— мээ (5— мээ кыртышы, Ө— ак зат). Менингитте мээ кабыктары сезгенет.

Менингитмээ жана жүлүн кабыкчасынын сезгенүүсү. Менингитти бактерия, вирустар жана башкалар козгойт. Ал биринчилик жана экинчилик болуп айырмаланат.

Менингиттин биринчилик түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Менингиттин биринчилик түрүндө организмге кирген козгогуч түздөн-түз мээ кабыкчасын жабыркатат. Көбүнчө оорулуу же козгогуч алып жүрүүчүдөн жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, өбүшкөндө жугат. Адатта дем алуу жолдору суукка урунган адамдар тез жугузуп алат. Ошондуктан оору кыш, жаз, күз мезгилинде көп кездешет. Козгогучу чиркейлер, кенелер, менингоэнцефалиттер менен таралган айрым жугуштуу ооруларда да менингит пайда болот. Экинчилик менингит болсо ортоңку кулактын, мурундун кошумча коңулдарынын сезгенүүлөрүндө, жугуштуу оорулардын (грипп, кызылча, туберкулёз, котон жара жана башкалар) кабылдашынан болот. Көбүнчө менингит менен балдар ооруйт. Оору козгогуч жуккандан кийин 1—4 күнгө чейин билинбей (жашыруун мезгил), капысынан башталат. Эти ысыйт (38—40° чейин), башы ооруп, кусат. Жарыкты көргүсү келбейт, ызы-чууну сүйбөйт. Оор түрүндө кежигеси, буттары тартылат. Өңү бозоруп, эрини, анын тегереги көгөрөт, тез-тез дем алат, тамак ичпейт, бирок суусайт. Жаш балдар эмчекти начар эмет, кусат. Бала чыргоолонуп, чыңырып ыйлайт. Жалпы абалы начарлап, алы кетет, аң-сезими тумандайт. Бирок менингит бардык учурда эле мындай катуу кармабайт.

Экинчилик менингит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчилик менингитте оору акырындап башталат. Мисалы, туберкулёз оорулууларда менингиттин башталышы адегенде жалпы абалды гана начарлатат. Оорулуунун башы ооруйт, алы кетет, бир аз эти ысыйт. Убагында диагноз коюп, оорулууга дарылоо жүргүзүлбөсө жогорудагы оор менингиттин белгилери башталат. Оорунун алгач белгилери билинери менен тезинен врачка кайрылып, оорулууну ооруканага жаткыруу зарыл. Ооруканада диагноз жана дарылоо максатында жүлүн суюктугу алынат, жүлүн суюктугун алганда баш сөөк көңдөйүндөгү басым төмөндөп баштын ооруганы басылат, куспай калат, оорунун жалпы абалы жакшырат. Оорулуунун диагнозу канчалык эрте коюлуп дарыланса, ошончолук оорулуу тез сакаят. Мындай учурда оору 3—4 күндө кайтат. Айрым учурда оору узакка созулуп, түрдүү кабылдоолорго (баш оору, чалыр көз, дүлөй, талма жана башкалар) дуушар кылат. Ооруп айыккандан кийин 2—3 айга чейин оорулуу алсыз болуп, тез чарчайт. Андай балдарга көпкө окуганга, ойногонго болбойт. Начар, көп ооруган балдарда жугуштуу оорудан кийин менингизм (мээ кабыкчасынын дүүлүгүүсү) байкалат. Мындай балдар жарыкты карай албайт, башы ооруйт, кусат. Бирок мында мээ кабыкча сезгенбейт, жүлүн суюктугу өзгөрбөйт. Аны жүлүн суюктугун текшерүү менен аныктайт.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун алдын алуу үчүн оорулууну жана козгогуч алып жүрүүчүнү өз убагында таап ооруканага жаткырып, дарылоо керек. Денедеги ириңдүү жарааттарды дарылап, оору пайда болгон мекеме, айрыкча балдар коллективине карантин коюлат. Кулактын, мурундун кошумча коңулдарынын сезгенүүсүн, туберкулёз жана башкалар өз убагында дарылоо талапка ылайык. Организмди чыңдоонун мааниси чоң.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8