Меритократия

Википедия дан

Меритократия (лат. meritus – татыктуу жана грекче кratos – бийлик) – батыш социалдык философиясынын түшүнүгү, аны менен жеке сиңирген эмгектеринин жана жөндөмдүүлүктөрүнүн негизинде тандалып алынган адамдар тарабынан башкарылуучу коом белгиленет. Азыркы учурдагы бир катар социологдордун ырастоолору боюнча Меритократия постиндустриалдык коомдун же индустриалдык коомдон кийин келүүчү билим коомунун же керектөө коомунун ажырагыс компоненти. «Меритократия» терминин 1958-жылы англис социологу Меритократия Янг «Меритократиянын жогорулоосу, 1870–2033» романында киргизген. Бул концепцияга ылайык, батыш коомундагы эволюциянын жүрүшүндө, жетектөөчү постко өзгөчө таланттуу, бардык социалдык катмарлардан тандалып алынган адамдарды сунуштоо принциби бекемделет.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8