Метеорит

Wikipedia дан
Вилламетт метеорити

Метеорит — чоң асман телонун бетине түшкөн космостук тегиндеги тело.

Планеталардын гравитациялык тартылуу күчүнүн таасиринде кичине планеталардын орбиталары өзгөрүп, бири-бири менен кесилишкен абалга чейин барат. Натыйжасында алар өз ара кагылышып, андан соң быркыроого дуушарланышат. Жер бетине түшкөн темир жана таш метеориттер кичине планеталардын майдаланган сыныктары болуп эсептелет.

Мындай кичине планеталардын бөлүктөрү Жер атмосферасына киргенде жогорку басымдуу күчтүү толкунду пайда кылып, андагы өтө кысылган абанын темп-расы ондогон жана жүздөгөн миң кельвинге чейин жетет. Айрым бир метеориттер жогорку ылдамдык менен келип планеталарга түшүп жарылат да, Айдын бетин элестеткен чуңкурларды - метеорит кратерлерин - пайда кылат. Жер бетинде жакшы сакталган өтө чоң чуңкурлардын бири АКШдагы Аризон кратеринин диаметри 1200мге, тереңдиги 200мге жетет. Илимпоз астрономдордун баамдоосуна караганда ал Жерге түшкөн метеориттин массасы 200000 тга жакын болгон.

1908-жылы 30-июнунда Борбордук Сибирге түшкөн Тунгус метеорити 2000ден ашык чарчы километр токойду жок кылып, оптикалык, үн жана толкун кубулуштарын пайда кылган. Натыйжада толкун Жер шарын толук 1 айланып чыгып, метеорит түшкөн аймакта 3 – 4-июлдун түнүндө кадимкидей жарык болуп, китептин бетиндеги тамгалар даана көрүнгөн.

1947-жылы 12-февралда Ыраакы Чыгыштын Сихотэ-Алин районуна белгилүү Сихотэ-Алин темир метеорити түшүп, андан бир нече ондогон тонна метеорит заттары жыйналган. Таш метеорити 47% кычкылтек, 21% кремний, 16% темир, 14% магний жана 2%и башка химиялык элементтерден турары аныкталган. Таш-темир метеоритинин курамында 55% темир, 19% кычкылтек, 12% магний, 8% кремний, 5% никель жана 1%ке жакын башка элементтердин бар экендиги далилденген.

Темир метеоритинин жаратылышында 91% темир, 8% никель, 0,5% кобальт, жез, фосфор, күкүрт, кремний бар экени белгилүү болгон. Азыркы күндө дүйнө бонча массасы ондогон тоннадан бир нече граммга чейинки 3000ден ашык метеорит катталган. Метеориттер Жер бетине гана түшүп турбастан, башка асман телолорунун бетине да – планеталарга жана алардын жандоочуларына, кичине планеталарга да үзгүлтүксүз түшүп турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов