Милан тынчтык келишим

Википедия дан

Милан тынчтык келишим - 1849) — Австрия менен Сардиния (Пьемонт) королдугунун өкүлдөрү 6-августта Миланда кол койгон келишим.

Австрия-Италия согушун (184849) аяктап, Түндүк Италиядагы мамлекеттердин чек аралары жөнүндөгү Вена конгрессинин (1814—15) чечимдерин ырастаган. Сардиния королу өз королдуктун аймагынан башка жерлерди алуу аракетинен баш тартып, анын Моден жана Парм герцогдору менен бирдей укукта экени калыбына келтирилген.

Милан тынчтык келишим боюнча Пьемонт Австрияга 75 млн франк контрибу­ция төлөөгө тийиш болуп, Австрия Түндүк жана Борбордук Италияга үстөмдүгүн (184849-жылдардагы революция убагында андан дээрлик ажыраган) кайра орноткон. Милан тынчтык келишимнин түзүлүшү Венеция республикасынын 1849-ж. 22- августта багынууга аргасыз кылган. Ошону менен Италия революциясы (1848—1849) бүткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.