Милдеттенме

Википедия дан

Милдеттенме – ага ылайык, бир адам (карызкор) экинчи адамдын (кредитордун) пайдасына кандайдыр бир аракеттерди жасоого: мүлк берүүгө, жумуш аткарууга, акча төлөөгө, болбосо кандайдыр бир аракетерден баштартууга милдеттүү, ал эми кредитор карыздардан өзүнүн милдеттин аткарууну талап кылууга укуктуу болгон укук мамилелери. М. келишимдерден, зыян келтирүүдөн, КР жарандык мыйзамдарында каралган башка негиздерден келип чыгат. М. ага тарап катары катышпаган адамдарга (үчүнчү адамдар үчүн) милдеттенме такпайт. Үчүнчү адамдар үчүн М. анын бир же эки тарабына карата мыйзамда, башка укук актыларында же тараптардын келишимдеринде каралаган шарттарда гана укук мамилелерин жаратуусу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]