Миокардит

Wikipedia дан

Миокардит — жүрөк булчуңдарынын (миокарддын) сезгениши.

Себептери[оңдоо]

Көбүнчө ревматизм менен ооруган балдар дуушарланат, кээде жугуштуу оорулар (кептөөр, ич келте, ангина, скарлатина, сепсис, грипп жана башкалар) себеп болот. Ревматизмден болгон миокардит (ревмокардит) көп учурда эндокардит менен коштолот. Кээде белгилүү бир микробдорго, ошондой эле айрым дарыларга өтө сезгич келип, аллергиялык миокардит болушу мүмкүн (Аллергия). Миокардиттин катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Катуу кармаган учурда оорулуу демигет, көгөрөт, моюн венасы көөп, боору чоңоюп, буттары шишийт. Бул формасы чанда кезигет. Миокардит көбүнчө билинбей өтөт; кээде жүрөгүнүн ооруганын сезет, жүрөктүн кагуу ыргагы бузулуп, жүрөк тез согот, оорулуу демигет, алы кетип, бат чарчайт. Мындай абал көп кыймылдаганда күчөйт. Дене бир аз ысышы мүмкүн. Мындай абал көп учурда ангина, гайморит жана башкалардан кийин болот. Өнөкөт миокардит чанда туберкулёз, котон жара жана кызыл жүгүрүктө байкалат.

Миокардия
Жүрөк катмарларынын схемалык көрсөтүлүшү (жара кесилиши): 1— сырткы кабы (перикард); 2— жүрөк булчуңу (миокард). Миокардитте ушул катмар жабыркайт; 3— ички кабы (эндокард).


Миокардит балдарда жугуштуу оорулардан кийин пайда болот. Кептөөр Миокардити ооругандан кийинки экинчи жумада пайда болот. Ич келте башталгандан 3—4-жумада, кээде айыгып калганда башталат. Сепсис болгондо миокардит оор өтөт. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Миокардитти дарылоодо оорулуунун тамактануу режими чоң мааниге ээ; тамак-аш жеңил сиңе тургандай витаминге бай болууга тийиш. Сүт азыктары жана жашылча-жемиш пайдалуу; этти, балыкты сууга бышырып берүү оң; туздуу тамакты, суюктукту чактап ичүү керек. Шишик, демигүү жана башкалар жоголгондон кийин дарылоо физкультурасы сунуш кылынат. Миокардиттин алдын алуу үчүн аны пайда кылуучу ооруларды өз учурунда дарылоо зарыл.


Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8