Мирзахмедов, Маматамин

Википедия дан

Мирзахмедов, Маматамин (1929) – геолог, Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). Ташкендеги Орто Азия мамлекеттик ун-тин бүткөн (1951). Адегенде Орто Азия түстүү металлдарды чалгындоо трестинде, 1957-жылдан Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясынын Улутоо геол. чалгындоо партиясында геолог, улук геолог, участоктун начальниги, башкы геологу (1951–75); Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясынын аналитикалык лабораториясынын жетекчиси (1975–84). Чоңкой сымап кенин ачууга ж-а чалгындоого кошкон салымы үчүн «Кенди биринчи ачуучу» деген төш белги берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]