Мисир Ашыркулов

Википедия дан

Ашыркулов Мисир (8. 1. 1946-жылы туулган, Чүй облусу, Жайыл району, Эркин-Сай айылы) - генерал-лейтенант (2002). 1969-жылы Ленинграддагы (Санкт-Петербург) так механика жана оптика институтун бүткөн. 1963-64-жылы Ленинград заводунун слесары, 1969-72-жылдары КМУнун лаборанты, электроника боюнча инженери, начальниги, 1972-76-жылы Ленинграддагы С. М. Киров атындагы текстиль жана жеңил өнөр жай институтунун аспирантурасын бүтүп, республикалык эсептөө борборунун бөлүм башчысы, 1976-78-жылы ФПИнин окутуучусу, 1978-86-жылы республикалык ЖОЖ аралык эсептөө борборунун бөлүм башчысы, директордун орун басары, 1986-88-жылы ФПИнин кафедра башчысы, 1988-92-жылы республикалык ЖОЖ аралык эсептөө борборунун директорунун орун басары, 1992-97-жылы Бишкек эл аралык менеджмент жана бизнес мектебинин ректору, президент-ректору, 1996-2004-жылы КРнын Улуттук коопсуздук министринин 1-орунбасары, министри, КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу, КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1