Миңчилер кыймылы

Википедия дан

Миңчилер кыймылы – эмгекчилердин массалык патриоттук кыймылы. Улуу Ата-Мекендик согуштун башталышында «Бардыгы майдан үчүн, бардыгы жеңиш үчүн!» деген партиянын чакырыгы боюнча пайда болгон. Согуш мезгилинде социалдык мелдештин тапшырмасын ашыгы менен аткаруу, чыгарылган буюмдун сапатын жакшыртуу, анын өздүк наркын төмөндөтүү, майданга кеткен жумушчулардын ордуна жаңы жумушчуларды даярдоо максатында жүргүзүлгөн мелдештин жаңы көрүнүшү болуп эсептелген. Күнүнө 10дон норма аткарган биринчи «Миңчилер» кыймылы 1941-жылы күз айларында пайда болгон.

Төмөнкү Тагилдеги вагон куруучу заводдо иштеген Д. Босыйдын демилгесинен кийин «Миңчилер» кыймылы массалык кыймылга айланган. Фрунзедеги ачылган машина куруу заводунун темир устасы М. Т. Чернышев Кыргызстандагы «Миңчилер» кыймылын биринчилерден болуп колдоп чыккан. Ал 1942-жылы мартта күнүмдүк нормасын 10 эсе ашык аткарган. Анын демилгесин заводдун бардык эмгек жамааты колдогон. З. Алымкулов, Ж. Мамбетовдор 1942-жылы күнүнө (1166%) мартта күнүнө 12 нормадан ашыгы менен аткарышкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]