Молдалиев Абдыхалил

Википедия дан

Молдалиев Абдыхалил, Акал (5. 1. 1931, Суусамыр кыштагы -2005, Чаек кыштагы) - эл мугалими, коомдук жана саясий ишмер.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин (1955) жана Алматыдагы Жогорку партиялык мектепти артыкчылык дипломдору менен бүтүргөн (1969).
  • 1952-жылдан Кайырма орто мектебинин директору, Чолпондогу мектеп интернаттын 1-директору, партиянын Жумгал райондук комитетинде инструктор, бөлүм башчы, «Чаек» колхозунда партиялык комитетинде катчы, Кыргызстан комунисттик партиясынын Жумгал райондук комитетинде партиялык комиссиянын төрагасы болуп иштеген Сөздү чебер сүйлөй билген, чечен болгон.
  • Ал кыргыз элинин тарыхына кызыгып, өз алдынча изилдеген публицист, жазуучу.
  • Ал «Байзак баатыр» (1998), «Ала-Тоонун асылзат айымдары» (2001) аттуу көркөм-адабий китептерди да жазган.
  • Андан таалим алган ондогон тарбиялануучулары ар кыл кызматтарда эмгектенишет.
  • 1991-жылдан Аксакалдар сотунун төрагасы.
  • Райондук кеңешке 30 жыл депутат болуп шайланган.
  • Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы жана медалдар менен сыйланган.
  • Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн атайы пенсиянын ээси болгон.
  • Токтор уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9