Молдодосов Өмүрбек
Молдодосов Өмүрбек (1953-ж. т., Кетментөбө айылы) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу.
- 1975-ж. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн.
- 1973-ж. Витебск шаарында өткөн СССРдин студенттер аралык мелдешинде коло медаль,
- 1977-ж. Ливиядагы Триполи шаарында өткөн эл аралык турнирде алтын медалды,
- 1978-ж. СССРдин кесиптик уюмдар чемпионатында 1-орунду жеңип алган.
- 1975-жылдан «Алга» коомунда оор атлетика боюнча машыктыруучу,
- 1984-жылдан курама команданын башкы машыктыруучусу,
- 1992-жылдан оор атлетика боюнча республикалык олимпиадалык резерв мектебинин директору.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5