Монохроматор

Википедия дан

Монохроматор – оптикалык нурдануунун спектринин кууш бөлүгүн алууда колдонулуучу спектрдик оптикалык прибор. Монохроматордун элементи дисперсиялоочу призма жана дифракция торчосу. Объективдин фокус аралыгы менен дисперсия бурчу сызыктуу дисперсияны аныктайт.

Монохроматордун сапатын анын тактыгы жана жарык күчү аныктайт. Монохроматор геометриялык мүнөздөмөлөргө (жылчыктын өлчөмүнө жана дисперсиялоочу элемент-терге) көзкаранды жана оптикалык системалардагы чагылууга, жутулууга, жоголууга байланыштуу. Монохроматордун объективи күзгүдөн жасалса, кедун объективи коллиматордон, фокустоочу линзадан жана күзгүдөн турат. Объектив күзгүдөн жасалса, кеңири спектрдин диапазонун алат, линзалуу объективден айырмасы спектрдин бир бөлүгүнөн башка бөлүккө өткөндө кайрадан фокустоо талап кылынбайт. Ультракызгылт-көк жана инфракызыл спектрлерде күзгүлүү оптика колдонулат. Монохроматор монохроматтык жарыктануунун, о. эле спектрометр булактарынын негизги бөлүктөрүнүн бири. Спектрофотометрияда Монохроматордун жарык кирүүчү жылчыкчасына толкун узундугу узун болгон чачыроочу жарыктын түшү-шүнөн сак болуу керек. Ушул максатта эле Монохроматор колдонулат. Биринчи жарык кирүүчү жылчыкчасы, экинчинин жарык чыгаруучу жылчыкчасы болгондой кылып ионструкцияланат. Эми Монохроматордун колдонулушунун дагы бир артыкчылыгы – дисперсияны жогорулатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]