Моска, Гаэтано

Википедия дан
Моска‎»‎ барагынан багытталды)

Моска Гаэтано (1858–1941) – италиялык саясат таануучу, социолог. В. Парето менен катар элита теориясын негиздеген. «Башкаруучу тап» (1896) китебинде Моска бардык коом эки тапка бөлүнгөндүгүн ырастаган. Ал эки тап: башкаруучу «саясий тап» (элита) жана башкарылуучу. Башкаруучу тап бийликке ээлик кылып, бийликтин артыкчылыктары менен ырахаттанышкан. Бийликти колдоо үчүн мыйзам чегиндеги жана андан тышкары ыкмаларды колдонушат. Башкаруучу тап күч жана алдоонун гана эмес, идеологиялык же «саясий доктринанын» жардамы менен башкарат. Диний же улуттук сезимдерге негизделген универсалдык кыялдардын жардамы менен элита калкты өзүнүн үстөмдүүлүгүнүн легитим-дүүлүгүнө ынандыра алат. Көпчүлүктүн эрки сыяктуу үстөмдүк кылган демократиялык доктринаны Моска жалган деп эсептеген. Москанын ою боюнча элитанын үстөмдүгү – бардык мезгилдер жана элдердин тарыхый тажрыйбасы күбө кылган мыйзам. Парето сыяктуу ал дагы, «элитаны жаңыртмайын социалдык стабилдүүлүк мүмкүн эмес» – дейт, Моска элитанын күчүнүн үч вариантын көрсөткөн: жаңыртылбастан «түбөлүктүү болуу», жаңыртуу менен «түбөлүккө калуу» жана чыныгы жаңыртуу. Бул варианттардын мамлекеттик башкаруунун эки формасы – автократиялык жана либералдык менен ай-калышуусу мамлекеттин төрт түрүн берет, аристократия-автократиялык, аристократия-либералдык, демократия-автократиялык жана демократия-либералдык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9