Москва күрпү

Википедия дан

Москва күрпү - күрптөрдүн Моск­ва областындагы «Берёзка» айылында чыгарылган породалык тобу. Чалгынынын өңү боюнча ак жанa көңүр түстүү күрп болуп айырмаланат.

Актары жергиликтүү күрптү голланд жана белитсвилл ак күрпү менен, коңур түстүүлөрү кең көкүрөк күрөң күрптөр менен аргындаштырылып алынган. Күрптүн туласы чоң, кең көкүрөк, буту узун, башы кичине. Корозунун тирүү салм. 12—13, соносу 6—7 кг. Тез жетилет. Эти жегиликтүү. Жөжөсү 3,5—4 айлыгында 4—4,5 кг. Жылына 90—110 жумуртка тууйт. Жумурткасынын салм. 84—88 г.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.