Моңгол жазуусу

Википедия дан

Моңгол жазуусу - 13-кылымдын башында уйгурлардан кабыл алынган (к. Уйгур тили). Түпкү теги согд жазмасы аркылуу сирия-арамей алфавиттеринен чыккан. Моңголияда бул жазуу «эски жазуу» деп аталат. Ал жогортон төмөн, оңдон солго карай жазылат. Моңгол жазуусу полифониялуу, башкача айтканда андагы тамгалардын көбү эки же үч фонеманы туюнтат. Кээ бир тамга сөздөгү алган ордуна карай ар кыл формада жазыла берет. 1945-жылдан моңголдор кириллицанын негизиндеги өз тилине ылайыкталган жаңы жазууга өткөн. Эски моңгол жазуусун Моңголиядагы жана КЭРдин Ички Моңголия автономия районундагы, илимий басылмалар гана колдонот. Моңголияда, о. эле анча кеңири таралбаган «чарчы жазуу» [тибет алфавитинин негизинде (13–14-кылым) жана бул батыш моңголдор үчүн], «айкын жазуу» деген жазуулар да бар, к. Моңгол тили.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]