Муздабас мөңгүлөрү

Википедия дан

Муздабас мөңгүлөрүАт-Башы кырка тоосунун түн. капталындагы ири 2 мөңгү (Батыш жана Чыгыш М. м.).

Батыш Муздабас мөңгүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Батыш Муздабас мөңгүсү – өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Уз. 3,3 км, аянты 6,9 км2. Башы деңиз деңг. 4620 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4380 м, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Куралуу облусу үч камералуу кенен төрдү ээлейт.

Чыгыш Муздабас мөңгүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгыш Муздабас мөңгүсүнүн уз. 3,2 км, аянты 5,1 км2, өрөөн тибиндеги мөңгүлөргө кирет. Башы 4600 м, этеги 4010 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м, абляция облусунун аянты 0,8 км2. Куралуу облусу тоонун кырынан башталат. Каптал морена сол тарабында гана бар. Этек моренасы мөңгүнүн «тилинен» 300–350 м төмөн «төөкарын» сымал жатат.

Мөңгүлөрдөн Муздабас суусу башталат.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]