Муздаткыч установка

Википедия дан

Муздаткыч установка- муздатылуучу жайларда, заттарда же нерселерде айлана чөйрөнүн темп-расынан төмөнкү температураны камсыз кылуу жанa аны алуу үчүн колдонулган комплекстүү жабдуулар.

Муздаткыч установка бир же бир нече муздаткыч машиналардан турат, алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн жардамчы жабдуулар (энергия, суу жанa жылуулук системалары, башкаруу жанa текшерүү приборлору ж. б.) менен толукталат. Алынган сууктук керектөөчү жерге муздаткыч затты суюлтулган абалда басым менен (түздөн түз муздатуу) же болбосо муздатылган туздардын эритмеси ж-a аба аркылуу жиберилет. М. у-нын сууктук өндүрүмдүүлүгү муздаткыч машиналардын өндүрүмдүүлүгүнө барабар.

Муздаткыч установкада буу компрессиялуу, абсорбциялуу жанa буу эжектордук муздаткыч машиналар колдо­нулат. Туруктуу температуpa режимин сактоо үчүн автоматташтыруу кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.