Музоокана

Википедия дан

Музоокана - музоо багылуучу жай. Музоокана өзүнчө же уйкананын жанына курулат. Ири сүт-товар фермаларында Музоокана туут бөлмөсү менен бирге салынат.

Музооканада туут бөлмөсү, профилакторийи, 15 күндөн 3 айга жана 3 айдан 6 айга чейинки музоо багылуучу бөлмөлөрү бар. Ар бир бөлмөнүн эшиги өзүнчө болот. Ал эми 6 айдан жогорку музоолор учун белок жай курулат. Музоокананын ичи таза, кургак, жарык, жылуу болууга тийиш. Желдеткич орнотулуп, асты тактайланат. Жаш (10—15 кунге чейинки) музоолор ар бири айрым ка­пасте, профилакторийде багылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.