Музыкалык добуш

Википедия дан

Музыкалык добуш - музыкалык чыгарманын эн кичине, бөлүнбөс бирдиги.

Музыкалык тажрыйбада пайдаланылган Музыкалык добуштун өзүнчө бийиктик, күчтүүлүк, узундук жана кооздук белгилери бар. Музыкалык добуш контроктавадан бешинчи октавага чейинки бийиктикке ээ. Андан бийик добуштар обертон, ызы-чуу катары утулат. Ар бир октава аралыгында түрдүү бийиктиктеги 12 Музыкалык добуш колдонулат.

Музыкалык добуш 0,015-0,02 секундадан бир нече мүнөткө чейин созулат. Оркестрде, аспаптык ансамблдерде Музыкалык добуштун кооздук касиеттеринин ашалышуусу талап кылынат. Адатта жалгыз алынган Музыкалык добуш көркөмдүк касиетке, мазмундук мааниге ээ боло албайт. Музыкалык добуштун өз алдынча биригишүүсү, айкалышуусу гана көркөмдүк, мазмундук жана таасир берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.