Муз доорунан кийин тектоникалык кыймыл

Википедия дан

Муз доорунан кийин тектоникалык кыймылдын интенсивдүүлүгү азайып, климат кайра жылуу боло баштайт. Мөңгүлөр эрип четинет, агын суулардын кубаты артып, эрозиялык тилмеленүү күчөп, рельефтин азыркы абалына жакын терең капчыгайлар пайда болот. Мисалы Сары-Жаз өрөөнүндөгү максималдык муз каптоодон кийинки суу жеген тереңдиктер 800—1200 м ге чейин жеткен. Негизинен ошол кездеги тоо капталдарынын тилмелениши Тянь-Шандын азыркы рельефин калыпатанткан. Ортоңку плейстоцендеги мөңгүлөр чегинип олтуруп, такыр жок болуп кеткен эмес. Болжолу, тоолордун бийик жерлеринде азыркы кездеги тараган мөңгүлөрдүн аянтына жакын аянттарды ээлеген мөңгүлөр сакталса керек. Анткени ортоңку плейстоцендин аягында тоолордун бийиктиги азыркы бийиктиктерден кем болгон эмес жана кар сызыгынан жогору жаткан аянттар көп эле болгон.

Үчүнчү жолку муз каптоо сонку плейстоценде башталып, голоценде, б. а. үстүбүздөгү доордо аяктаган. Бул муз каптоо да тектоникалык кыймылдын күчөшү менен климаттын жалпы сууктанышынын себебинен башталган. Бирок ал мурдагы муз каптоонун өлчөмүнө жетпей, азыркы өрөөндөрдүн чегинде гана жүргөн. Акыркы муз каптоонун калдыктары (аккумулятивдик жана скульптуралык формалары) бардык жерлерде жакшы сакталган.

Тоо системаларынын бийиктиги жана алардын капталдарынын тилмелениши азыркы кездеги абалдарына жакын болгондуктан, терең капчыгайларда дендрит тибиндеги бутактаган зор мөңгүлөр пайда болгон. Бирок алардын этектери 2200—2500 м бийиктиктерден төмөн түшкөн эмес. Суу эрозиясынан тилмеленип үлгүрбөгөн Борбордук жана Ички Тянь-Шандын сырттарында, тоо арасындагы бийик өрөөндөрдө мөңгү-муздуктар калкан түрүндө өрөөндөргө толуп, келки-келки болуп таралган. Акыркы муз каптоонун мореналары Алай өрөөнүндө 2500—4000 м бийиктиктерде таралган. Борбордук Тянь-Шанда, Суусамыр өрөөнүндө, Чатыр-Көл, Соң-Көл ойдуңдарында, Тескей Ала-Тоосунун эки капталында ж. б. аймактарда туташ муз аянттары өрөөндөргө, ойдуңдарга толуп жатышкан. Ошол кездеги Сары-Жаздын жогорку агымында узундугу 70 км, Эңгилчекте — 110 км, Кайыңдыда — 52 км келген мөңгүлөр жаткан. Четки кырка тоолордогу мөңгүлөрдүн узундугу 25—30 км ге жеткен.

Соңку плейстоцендеги муз каптоо учурундагы кар сызыгынын төмөндөгөн абалы Тянь-Шандын чет жакаларындагы кырка тоолордо 800—950 м ге, ал эми ички борбордук аймактарда 500—700 м ге чейин жеткен.

А. В. Шнитниковдун маалыматтары боюнча соңку плейстоцендеги акыркы муз каптоо азыркы мезгилден болжол менен 13—13,5 миң жыл илгери өзүнүн максималдык абалына жеткен. Мына ошол мезгилден баштап, азыркы мезгилге чейин жалаң эле Тянь-Шандын эмес бүткүл түндүк жарым шардын мөңгүлөрү эрип чегине баштаган. Чегинүү үзгүлтүксүз бир калыпта эмес, климаттын өзгөрүү циклдерине жараша тез чегинүү токтоп, кайра бир аз өсүп, кийин кайра тез чегинип, бир нече стадиядан өтүп барып, азыркы мөңгүлөрдүн абалына келген. А. В. Шнитников Тянь-Шань жана Памир тоолорунун мөңгүлөрү чегинүүнүн сегиз стадиясынан өткөндүгүн, ар бир стадиянын мөөнөтү 1850 жыл экеңдигин далилдеген. Акыркы жетинчи стадиядагы мөңгүлөрдүн бир аз кеңейип алдыга жылып, кайра чегине баштаган учуру өткөн кылымдын орто ченине туура келген. Азыркы мөңгүлөрдүн чегинип жатышы — өткөн кылымдын ортосунан тартып, жаңы стадиядагы мөңгүлөрдүн чегинүү циклинин башталышына туура келет.