Мунара краны

Википедия дан

Мунара краны – мунарага орнотулган, айланма жебелүү жана көтөргүч лебедкалуу кран. Жүк бурулуучу платформада көтөрүүчү, бурулуучу жана кранды жүктүн таасиринен болуучу ийилүү моментинен сактоо үчүн каршы салмак болуп эсептелет. Каршы салмак крандын массасын бир кыйла азайтат. Кранды башкаруучу адамды түшүрүү үчүн крандын лифти болот. Мунара краны негизинен курулушта бийик имарат курууда колдонулуп, туруктуу орнотулган (стационардык) жана жылып турма болуп бөлүнөт. Кыймылдуу кран жердин үстү, негизинен рельс менен жүрөт. Мунара краны имарат, кеме курууда курулуш материалын берип турат. Жылып турма М. к-нын жүк көтөрүмдүүлүгү 100 т, стационардык Мунара краныныкы – 400 т га, көтөрүү Бийиктиги 150 мге, жебенин айлануусу 50 мге жетет. Калыптуу токтотмо TKG-200 V2 ар түрдүү мотордун шахталар токтотуу жана өткөрүү же Ан- баш тарткан учурда, алардын толугу менен токтоп айрым кызматтарда курал катары колдонулат.[1]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Колодкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]