Муррей

Википедия дан
Муррей.

Муррей, Марри – Австралиядагы эң ири дарыя. Узундугу 2508 км[1] (Дарлингдин башатынан 3750 м), алабынын аянты 1160 миң км2. Австралия Альп тоолорунан башталып, басымдуу бөлүгүндө түздүк аркылуу агып, Александр булуң-лагунасына куят. Башкы куймалары: Дарлинг, Маррамбижи (оң). Кар жана жамгыр сууларынан куралат. Жазында жана жайында (жамгырлуу мезгилде) суусу өтө кирип, кургакчыл мезгилде (кышында) куймаларынын көбү негизги дарыяга жетпей соолуп калып, М. өтө тайыздайт. Орточо чыгымы 330 м3/сек, жылдык орт. агымы 10,5 км3. Сугатка пайдаланылат. Балык кармалат. Олбери шаарына чейин кеме жүрөт. Чатында болуп турган бора толкуну кемелердин башка деңиз порттору менен байланышын татаалдаштырат. М-да жана анын куймаларында ири суу сактагычтар (Илдон, Хьюм, Виктория көлү жана башкалар) жана ГЭСтер (Хьюм, Барринтак) курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]