Мусаев Манасбек

Википедия дан

Мусаев Манасбек (24. 4. 1942-жылы туулган, Нарын шаары) – кинооператор-коюучу, КРдин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1977), КРдин эл артисти (1991). ВГИКтин операторлор факультетин бүткөн (1970). 1960-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында жардамчы оператор, 1970-жылдан оператор. Алгач документ фильмдери («Муке», «Жогорку чыңалуу» жана башкалар) «Советтик Кыргызстан», «Күндөлүк жаңылыктар» киножурналдарына кирген М. тарткан көркөм фильмдер: «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1971), «Ак куулар конгон айдың көл» (1973), «Сүйүү жаңырыгы» (1974), «Ак кеме (1975), «Эл арасында» (1979), «Процесс» (1980), «Бөрү зындан» (1980) жана башкалар. Ал Тбилиси шаарында өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда (1972), Францияда (Страсбург, 1973) байге алган. «Ак кеме» фильми Фрунзе шаарында өткөн М. Мусаев иш үстүндө. Бүткүл союздук кино 9-фестивалда (1976) Чоң байгеге жана Италияда (Тренто шаары) Гран-при сыйлыгына, Чехословакияда (Карлови-Вари шаары) атайын байгеге ээ болгон. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977), «Айкөл Манас – жыл адамы» сыйлыгынын (2009) ээси. КР Кино искусство академиясынын мүчөсү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессор (2001). Даңк медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]