Мусулман лигасы

Википедия дан

Мусулман лигасы – Пакистандын саясий партиясы (1972-жылдан Пакистан Мусулман лигасы.). Британ Индиясынын мусулман коомдук уюмдарынын жетекчилеринин Дакка шаарындагы конференциясында (1906) түзүлгөн. Партиянын максаты – англис тилинде бийликтин алдында индиялык мусулмандардын саясий укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо. Мусулман лигасы Индиянын доминион укугун алышы үчүн бирге күрөшүү жөнүндө 1916-жылы Индия улуттук конгресси менен макулдашкан. 1940-жылы көз карандысыз мусулман мамлекетин куруу талабын коюп, Пакистан мамлекети үчүн күрөшкө жетекчилик кылган. Ал мамлекет түзүлгөндө (1947) Мусулман лигасынын жетекчилери бир аз жылдары борбордо да, жер-жерлерде да бийлик башында турган, бирок 1954–56-жылы бийликтен ажыраган, анткени Мусулман лигасынын жетекчилиги Батыш Пакистан помещиктеринин кызыкчылыктарын коргогон. 1958-жылдын октябрь айынан 1962-жылдын июнь айына чейин өлкөдө согуштук абал киргизилип, Мусулман лигасына, башка саясий партияларга тыюу салынган. 1962-жылы сентябрь–октябрь айларында партия өкмөттү жактаган (1963–69-жылы Пакистан президенти М. Айюб хан, кийин Ф. К. Чоудхури жетектеген) жана оппозициядагы (1968-жылы экиге бөлүнүп, башында М. М. Даултан менен А. Каюм хандар турган) эки фракцияга ажырап, өлкөдөгү саясий кризис убагында (1969) Мусулман лигасынын позициясы начарлаган. Мусулман лигасы көз карандысыз Бангладештин түзүлүшүнө каршы чыгып, 1971-жылы декабрда Бангладеш Эл Респ-нда анын иштешине тыюу салынган. Өкмөттү жактагандардын жетекчиси А. Каюм хан 1972-жылы З. А. Бхуттонун жарандык өкмөтүнө кирген. Ошол жылы октябрда Ф. К. Чоудхури жана М. М. Даултан жетектеген фракциялар биригип кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]