Мырзакматова Марифат

Википедия дан

Мырзакматова Марифат Оймочу, өрмөкчү, килемчи, саймачы. 1920-ж. Кара-Кулжа районундагы Каманчы айылында төрөлгөн.

Кытай Эл республикасынын Котон облусунда орто мектепти окуп, татар тамгасында уйгур тилиндеги институту бүтүргөн. Мектепте мугалим, директор болуп иштеген. 1944-ж. Кытай революциясы башталганда жолдошу Мырзакматов Тайирбек менен кошо партизандык ишке өтөт. 1946-ж. СССРге келишет. (Азыр Фергана районунда Мырзакматов Тайирбек айылы бар). Марифат 33 жыл чарбада эмгектенген. «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» ж. б. медалдар менен сыйланган. 1974-жылдан «Мурас» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин үйдөн уздануучу чебери. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Марифат абалы жүл килемин токуп, ага 96 жип менен «Миң бир түн» көчөтүн түшүрөт. 116 жип менен «күйдүргү» (гүлдөп турган кооздук) көчөтүн түшүрөт. «Кажак көркөм көчөтүнө» 19 жип керектейт. Мында килем четине «кош кайкалакка» 24 жип кетет. Марифат сайма буюмдарын бүтүндөй кармайт. Ал жел боону эндей бөз кылып согуп, жердик кылып, ага «ыспылы көчөтүн» (түндүктөн чыккан түтүн сымал көрүнөт да, эң көп колдонулган кеште) түшүрөт. Мында жердикке кызыл-жашыл түстү шартташтырат. Ал «кош турна көчөт» (турналар катар учкандай тырмак тырмак болуп көрүнөт), «кунаба көчөт», «бүркүт тырмак көчөт» сыяктууларды ойдогудай бере алат. Уз «катары», «кара терме» ыкмасы менен боз үйдүн боо-чуусун, кереге таңгычын, тегиричин согот. Анын тегиричинде «кылыч байлоо чачысы» бар. Катары термедеги «кош чагармак» уздун мыкты өрмөкчү экенин далилдейт. Анын оймочулугу боз үйгө чакталган тегерек шырдактан билинет. Анда жалпы оюмду табакча-табакча аркылуу ич ара жиксиз бириктирет. Мында төрт «кочкор мүйүз оюму» бир табакчаны түзөт да, ортолук оюм менен четтик оюмду ак-карадан турган «ит куйрук оюму» ажыратып турат. Анын чети «жарым кыял оюмун» түзөт да, буюм жалпы алганда «Марифаттын кыялы» болуп билинет.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1989 ж. Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу курултайына карата «Элдик кол өнөрчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү». Боз үйдүн оюмдан, термеден, саймадан, тор чачыктан турган бай жасалгасы үчүн ЭЧЖРКнүн III даражадагы диплому, медалы; 1990 ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Боз үйдүн ички-сырткы жасалгалары менен катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б.

ISBN 5-89750-080-0