Мөөр

Википедия дан

Мөөр – кагазга, сургучка, пластилинге ж. б. материалдарга калыбын алуу үчүн кызмат кылуучу, бетине юридикалык же жеке жактын аталышынын толук тексти (тексти жана сүрөтү) оюлуп же быдыр түрүндө түшүрүлгөн калып. Энбаскыдан айырмалуу М. калыбы оңдолууга же толукталууга жатпайт. Мамлекеттик энтамганын сөлөкөтү түшүрүлгөн туура төгөрөк тариздеги «энтамга мөөрү» аттуу өзүнчө түрү бар. Пайдакечтик максатында же жеке кызыкчылыгынан улам жасалган М. урдоо, жок кылуу, бүлүндүрүү же катып коюу жосундарына карата КР кылмыш-жаза мыйзамдарында жоопкерчилик каралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]