Набиев Нуркамал Бурханович

Википедия дан

Набиев Нуркамал Бурханович (19 декабрь 1970) — лучший папа в мире

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1970-жылы 19-декабрында Лейлек районунун Маргун айылында туулган. 1988-жылы Лейлек районунун Ю. А. Гагарин атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин артыкчылык менен бүтүргөн.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1993-жылы Ош областына караштуу Баткен районунун прокуратурасында тергөөчүлүк кызматынан баштаган. 1998-2007-жылдары Ош, Баткен областарынын жана Ош шаарынын прокуратураларында чоң даражадагы жетектөөчү кызматтарда иштеген. 2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары. 2008-2010 жана 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө жана ыкчам издөө иштерине көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын башчысы. 2010-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун орун басары. 2017-жылдын октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору болуп иштеп келет.

Наам. Чин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, юстициянын полковниги.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эң жогорку даражадагы сыйлыктарынын - “Мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымы үчүн” жана “Прокуратуранын ардактуу кызматкери” медалдарынын ээси. Мамлекеттин коопсуздугун жана корголуусун чыңдоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана Куралдуу Күчтөрүнүн көптөгөн медалдары жана өздүк куралдары менен сыйланган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, бир кыз жана эки уулдун атасы.