Надыр темир кени

Википедия дан

Надыр темир кени - Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кадамжай шаарчасынан 90 км түштүк-чыгышта, Катраңтоо жана Эшметоо жалчаларынын аралыгындагы Сарыталаа өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2000–2300 м бийиктикте. 1931-ж. табылган. 1954-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери менен габбро, перидотит дайкалары түзөт. Темир рудасы карбондун скарндашкан акиташ тектеринде линза сымал кабатчалар түрүндө жатат. Алар негизинен дайкаларга жакын чектерге топтолгон. Руда тилкесинин узундугу 12 кмге чейин созулат. Мында руда линзалары 50–70 м аралыкта үзүндү-үзүндү болуп жатат. Алардын узундугу 1310 мге, калыңдыгы 17,1 мге жетет. Рудада гематит менен магнетиттен башка аз санда пирит, халькопирит, борнит учурайт. Рудада темир 41,19%, пайдалуу компоненттерден МпО – 3,20%, ТiО2 – 0,30%, NiО – 0,5%, V2О4 – 0,04%. Запасы С1 жана С2 категориясы боюнча 1,019 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]