Наньчан көтөрүлүшү

Википедия дан

Наньчан көтөрүлүшү (1927) — контрреволюциячыл гоминьдан бийлигине каршы Улуттук-революциячыл армиянын куралдуу кыр көрсөтүшү.

Аны Кытай компартиясы (ККП) уюштурган. ККП менен гоминьдан ортосундагы гражд. согуш 1-августта Наньчан шаарын­да башталган. Ага ККПнин фронттук комитети жанa аскер командованиеси жетекчилпк кылган. Көтөрүлүшчүлөр 1-августта Наньчандагы гоминьдан гарнизонун куралсыздандырган жана Гуанчжодогу рев-ялык базаны калы­бына келтирүү үчүн 3—5-августта түш. тарапка жүрүшкө чыгып, 50 күндүк марштан кийпн Чаочжоу- Шапьтоу (чыгыш Гуандун) аймагына жеткен да. ошол жерде 29—30-сентябрда дунгнандан талкаланган.

Наньчан көтөрүлүшү жеңилсе да. кытаж революциясынын тарыхында маанилүү роль ойногон. Ал Кытай Кызыл Архивынын түзүлүшүнө жол ачкан. 1-август КЭРде Элдик-бошт. армпянын түзүлгөн күнү датасы белгиленет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.