Натюрморт

Википедия дан

Натюрморт (французча  nature morte – cөзмө-сөз «өлүү натура») – көркөм сүрөт искусство жанрларынын бири, турмуш-тиричилик предметтеринин, тамак-ашты (жашылча, эт, жемиш), гүлдөрдү сүрөттөөгө арналган. Бул жанрдын өзүнчө турган чыгармасы да Н. деп аталат. Н-тун пайда болушу, тарыхый түрдө реализмдин живописте өнүгүшү, анын техникалык жана таанып билүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши конкреттүү материянын картинадагы көп түрдүүлүгүн, кайра жаратуу ыкмаларын өздөштүрүү менен байланыштуу. Н-тун өз алдынча жанрга биротоло өсүп чыгышы XVII кылымга таандык. Биринчи жолу бул жанр Голландия менен Испания живописинде гүлдөп өнүккөн. Н. жаатында сүрөтчүнүн милдети буюмдарды гана сүрөттөп берүү болбостон, ошону менен бирге ошол доордун адамынын аларга болгон мамилесин, дегеле алар аркылуу курчап турган дүйнөгө болгон мамилесин сүрөттөп берүү эсептелет. Мисалы, XVII кылымда Голландия Н-у улуттук голланд турмушун поэтикалык жактан көркөм сүрөттөгөн. Заманбап реакциячыл көркөм өнөрдө Н. социалдык чындыктан жансыз форма түзүүчүлүккө, абстракттуу тегиздиктердин маанисиз комбинациясына, көлөмдөр жана түстүк тактарга өтүп кетүүчү каражатка айланды (сезаннисттер, кубисттер, пуристтер жана башка формалисттик агымдардын Н-у).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]