Нева иш таштоосу

Википедия дан

Нева иш таштоосу (1870) -Петербургдагы Нева пахтадан жип ийрүү фабрикакасынын (2 миңдей; азыр Ленинграддагы С. М. Киров атн. жип ийрүү комбинаты) жумушчуларынын кыр көрсөтүүсү. Россиядагы алгачкы экон. ири иш таштоолордун бири.

Админ, зомбулуктан 22-майда 63 жумушчу эмгек акыны туура төлөө талабын койгон. Талантары канааттандырылбаган соң 800 жумушчу иш таштаган. Администрация ННева иш таштоосун басууга шашылыш чара көрүп, 62 жумушчуну сотко берген. Тергөө ишинин жүрүшүндө жумушчулардын өтө эзилгени аныкталып, сот Нева иш таштоосунун жетекчилерин (Ф. Петров, Б. Потапов ж. б.) жеңил жазалоо (3—7 күнгө камоо) менен чектелүүгө аргасыз болгон.

Бирок бийлик органдары админ, тартипке баш ийбегендерди Петербургдан куугунтуктаган. Ички иштер министри 1870-ж. 6-июлда купуя чечим кабыл алып, иш таштоо жөнүндөгү иштерди сотто кароого жеткирбей, «чатак чыгаргандарды» алыскы губернияларга айдоого көрсөтмө берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.