Невралгия

Википедия дан

Невралгия (байыркы грек тилинен νεῦρον — «тарамыш, нерв» + ἄλγος — «оору[1]») — нервдин же анын бутактарынын бойлоруна жайылып, пульсацияланган же сайгылоочу мүнөздөгү катуу оору, кээде анын иннервация зонасыны гипер- же гипестезиясы менен коштолот; перифериялык нерв системасынын бузулушунун жышааны[2].

Жышаандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы клиникалык көрүнүшү - оору. Жайгашкан жерине жараша анын түрү аныкталат. Эркектер менен аялдарда эң көп таралган омуртка, кабырга аралык (торакалгия), ошондой эле тригеминалдык невралгия.

  • булчуңдардын чымырап кетүү сезими;
  • негизги ооруган жердиги ыңгайсыздык;
  • оору башталганга чейин кычышуу жана күйүү;
  • жагымсыз сезимдердин пайда болушу жана жоголушу;
  • теринин шишиши жана кызаруусу;
  • теринин сезгичтигин өзгөрүүсү[3].

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Невралгия көбүнчө перифериялык нервдин же анын тамырынын жабыркашынын баштапкы стадиясын чагылдырат. Анын пайда болушунун себептери экзогендик жана эндогендик уулануу, инфекциялык-аллергиялык факторлор, зат алмашуунун бузулушу.

Ошондой эле,  тубаса аномалияларга же омуртканын патологиясына (люмбализация, сакрализация, кошумча кабыргалар, остеохондроз) байланыштуу нервге же анын тамырына травмалык таасирлери себеп болот. Анын этиологиясында физикалык күч келтиргенде, айрыкча гипотермия менен айкалышта турганда, нервдин узак мөөнөткө чейин микротравматизацияланышы дагы чоң роль ойнойт[4].

Невралгия инфекциялык ооруларда пайда болушу мүмкүн: бруцеллёз, герпес, аз учурда кургак учук, безгек. Жугуштуу жана аллергиялык мүнөздөгү нерв системасынын кээ бир ооруларында (склероз, полирадикулоневрит), невралгия нерв системасындагы аутоиммундук процесстин биринчи клиникалык көрүнүшү болушу мүмкүн.

Туруктуу невралгиянын көрүнүшү экзогендик ууланууда (оор металлдар, бактериялык уулар, айрым дары-дармектер менен), ошондой эле эндогендик (боор, бөйрөк патологиясы, залалдуу шишик пайда болгон учурда) мүмкүн.

Невралгиянын пайда болушунда алкоголизм, кант диабети, В тобундагы витаминдердин зат алмашуу бузулушу, көбүнчө ашказан жарасы, гастрит, гепатит, өнөкөт колит белгилүү бир мааниге ээ, анткени бул учурларда биринчи кезекте нерв ткандарынын зат алмашуусу жабыркайт. Анын пайда болушуна артериолосклероз, аз кандуулук, перифериялык кан тамыр оорулары жана жүрөк-кан тамыр системасы гипоксиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасы алып келет. Бул оору негизинен, улгайган курактагы адамдарда байкалат, анда келтирилген себептер нервдеги кан тамырлардын өзгөрүшүнө байланыштуу. Ал эми, иш жүзүндө балдарда байкалбайт.

Оорунун жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оору капысынан башталып, бир нече минутадан бир нече саатка созулат. Оору башталар алдында беттин бир жери кычышып, кумурска жөргөлөп жүргөндөй сезилет, акырындап чыдатпай катуу ооруйт. Невралгия бир аз эле суукка урунса, оозду ачса, тамак чайнаса, жөтөлсө жана башкаларда кайталап кармашы мүмкүн. Желке невралгиясы көбүнчө моюн-омурткасына суук тийүүдөн, желке бир нерсеге урунуудан болот. Кабырга арасындагы невралгия аз кездешет, бирок аны жүрөк, өпкө, плевранын оорусунан айырмалоо зарыл. Невралгия курчалма лишай оорусунун (Учук) алгачкы белгилерине да окшоп кетет. Ошондуктан кабырганын арасы ооруса врачка кайрылуу керек. Дарылоону врач гана жүргүзүүгө тийиш. Невралгиянын алдын алуу үчүн денени чыңдоо маанилүү.

Классификация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оору кайда пайда болгонуна жараша, невралгиянын ар кандай түрлөрү айырмаланат.

Тригеминалдык невралгия бет жаракатынын, мурун көңдөйүнүн сезгенүүсүнүн, оорулуу тиштердин (пулпит) натыйжасында жана реакция катары ысык же муздак тамак-ашка, катуу үнгө, аябай жарык светке, керек болсо тиш жуу процессинде да, невралгия оорусу каалаган убакта кармап калышы мүмкүн[5]. Бул ооруда вегетативдик жана трофикалык бузулуулар менен коштолгон тригеминалдык нервдин бир же бир нече (көбүнчө II жана III) бутактарын иннервациялоо аймагында жайгашып, ошондой эле чайноо жана бет булчуңдарынын гиперкинези ооруйт.

Кабырга аралык невралгия омуртканын кыйратуучу процесси, аорта аневризмасы, висцералдык патология менен байланыштуу болушу мүмкүн. Көбүнчө, көкүрөк омурткасынын остеохондрозунун натыйжасы болуп саналат. Бул оору чүчкүргөндө, жөтөлгөндө же кыймылдаганда кармап калат.

Сандын сырткы тери нервинин невралгиясы сандын сырткы бетиндеги катуу ооруну пайда кылат. Оору кыймылдаганда күчөп, териде күйүк сезими пайда болот же сезгичтик жоголот[6].

Глоссофарингеалдык невралгия күтүлбөгөн жерден, көбүнчө түнкү убакытта, катуу ачыштырып, тилдин тамырында, кекиртекте, кулак каналында же моюнда пайда болгон оору катары көрүнөт. Анын пайда болуусуна тил тамырын механикалык дүүлүгүүсү (муздак же кычкыл тамак жутуу) таасир этет[7].

Желке нервинин невралгиясы  чоң же кичинекей желке нервдеринин дүүлүгүүсүндө пайда болот. Ал баштын арткы бөлүгүндө жана көздүн тегерегинде тараган оору, кыймыл менен оору күчөп, адамдын жүрөгү айланып, кусат[8].

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Невралгия көбүнчө орто жана улгайган адамдарда кездешкенин эске алганда, атеросклерозду жана гипертонияны дарылоо керек. Жабыркаган нервдерди  жакшыртуу үчүн В1, В12, Е витаминдери (мультивитаминдер) жана физиотерапия процедуралары дайындалат.

Невралгияны дарылоодо ооруну басаңдатуу өзгөчө орунду ээлейт. Оорунун курч мезгилинде тери рецепторлорун тосуп, алаксыткан дарылар натыйжалуу - аары жана жыландын уусун камтыган дары-дармектер, анальгетикалык эмульсиялары, новокаин блокадасы, термикалык процедуралар (соллюкс, инфракызыл нурлар). Ошондой эле, анальгетиктер, тынчтандыруучу каражаттарды, электрофорез, массаж, айрым учурларда электроуйку, психотерапияны сунуш кылышат. Туруктуу ремиссия мезгилинде сульфид, радон, натрий хлорид ванналары, баткак терапиясы, УЖТ (ультра жогорку жыштыктагы терапия) магнит талаалары көрсөтүлгөн. Консервативдик чаралар натыйжасыз болгон учурда, нерв сөңгөктөрүн алкоголизациялоо, жүлүндүн арткы тамырларын тандап кесүү, рентген терапиясы, ошондой эле тери астындагы электроаналгезия колдонулат.

Профилактика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көнүгүүлөрдү жасоо, бирок ошол эле учурда ашыкча физикалык күч-аракеттерден алыс болуу; туура жана тең салмактуу тамактануу; стресс менен күрөшүү. Ошондой эле, невралгиянын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн ооруларды өз убагында дарылоо, инфекциялык жана сезгенүү процесстерин жоюу ж.б.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  2. https://gufo.me/dict/medical_dict/%D0%BD%D0%B5%D0%B2%D1%80%D0%B0%D0%BB%D0%B3%D0%B8%D1%8F
  3. https://www.medicina.ru/patsientam/zabolevanija/nevralgiya/
  4. БМЭ https://xn--90aw5c.xn--c1avg/index.php/%D0%9D%D0%95%D0%92%D0%A0%D0%90%D0%9B%D0%93%D0%98%D0%AF
  5. Медцентр http://familydoctor48.ru/nevralgija_mezhrebernaja_diagnosis/
  6. Медцентр https://medportal.ru/enc/neurology/nevralgia/nevralgia/
  7. Нейроnews https://neuronews.com.ua/ru/archive/2011/1%2828%29/article-422/trigeminalnaya-nevralgiya#gsc.tab=0
  8. https://gufo.me/dict/medical_dict/%D0%BD%D0%B5%D0%B2%D1%80%D0%B0%D0%BB%D0%B3%D0%B8%D1%8F