Негизги материалдар
Негизги материалдар — ишкана продукция чыгарууда колдонулуучу өндүрүштүн зат элементтери.
- Негизги материалдар өндүрүштүн бир циклине толук катышып, алардын наркы даяр продукциянын өз наркына толук өтөт.
- Негизги материалдар өнөр жайда сырьё, ар кандай материал түрүндө болуп, ишкана чыгарган продукция составына кирет.
- Негизги материалдар материалдары колдонуу өзгөчөлүктөрүнө ылайык негизги жанa кошумча болуп бөлүнет. Продукциянын өз наркынын басымдуу үлүшүн Негизги материалдар түзөт. Өндүрүш жанa курулуш көлөмүнүн улам арбышы айланма каражаттардын ичинен товар-материал байлык запасы катары Негизги материалдардын үзгүлтүксүз өсүшүнө алып келет. Коомдук өндүрүштү интенсивдештирүү шартыида продукция чыгарууда Негизги материалдарды сарптоо үлүшүн азайтуу маанилүу.
- Ишкананын башкы милдети — Негизги материалдарды рационалдуу пайдалануу; продукция бирдигине аларды чыгымдоону азайтуу талапка топ келет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.