Неодаосизм

Wikipedia дан

Неодаосизм (Сюань Сюэ – дилдеги, купуя жөнүдөгү окуу) – кытай окуусунда даосизм философиясынын кайра жаралуусунун көрүнүшү, 3–4-к. пайда болгон агым.

Кытайдын идеологиялык турмушунда Вэй-Цзинь (3–5-к.) мезгилинде үстөмдүк кылган. Бул жолго түшкөндөрдүн ишмердигиндеги негизги форма «жакшы айтуу, жатык тил менен туюндурууга» аракеттенгендердин көтөрүңкү маанайдагы философиялык маектешүүсү болуп, Цинь Тан (сөзмө сөз – кирсиз, чыныгы, тунук аңгемелешүү) же Сюнь Янь (сөзмө сөз – дилдеги, айтылгыс аялуу сырды төгүшүү) деп аталган, анткени сүйлөшүүнүн заты аялуу асыл Дао болгон.

Неодаосизмдин пайда болушу 220-ж. Хан династиясынын кулашы, кытайга буддизмдин кириши менен байланыштуу. Неодаосизмнүн негиздөөчүлөрү Хэ-Янь (Хэ Пиншу, 190–249) жана Ван Би (Ван Фуси, 226–249), улантуучулары Цзи Кан (Цзи Шуе, 223-262) жана Сян Сю (Сян Цзыци, 227–277), бамбуктан өскөн жети даанышман аталган топко кирген Го Сян (Го Цзисюань 252–312) ж. б. болушкан. Неодаосизмдин көрүнүктүү өкүлү Гэ Хун (Гэ Чжичуань, 283–363) Баопу-цзы деген псевдоним (лакапат, жашырын ат) менен белгилүү.

Неодаосизмтер Лао-цзы, («Дао дэ цзин») менен «Чжуан-цзы» жана «Чжоуи» («Цизин») идеясынан башталып, алардын окуусун конфуцианчылык окуу менен бириктирген (алар Конфуцийди Лао-Цзы менен Чжуан-Цзыдан жогору турган улуу даанышман дешкен).

Неодаосизмдин философиялык концепциялары жөнүндө маалыматтардын негизги булагы конфуциячыл классикага комментарийлер, ошондой эле притчалардын жана аңгеме–анекдоттордун жыйнактары болгон. Неодаосизм өзүн «Фэн-Лю» (сөзмө-сөз – «шамал жана агым») абалына жетүүнү, өзү менен өзү болуп, ар ким ички дүйнөсү жана жаратылыш менен эриш-аркак ээн-эркин турмуш кечирүүнү максат кылып коёт. Классикалык даосизмден айырмаланып, неодаосизм дао эч нерсе эмес, бардык нерселер даодон эмес, ички себептерден эле пайда болот «болмуш болмуш эместен туулат» формуласы неодаосизм үчүн болмуш өзүнөн өзү эле пайда болот. Бирок Аалам такай кыймылда жана өнүгүүдө болгондой коом, адам, институттар, мораль өзгөрүүгө тийиш, өтүп жаткан учурга ылайыкташууга тийиш. Мындай процесс менен макул болуу, табигый түрдө «аракеттенбөө» дегенди түшүндүрөт, процесске тоскоол болуу, эскиргенди сактоонун өзү эски иш (б.а. жасалма). Билим даанышманды тууроодон эмес, жаратылыштан индивидге табигый берилет. Бардык нерселер өз ара тең, барабар, улуу менен кичүүдө, өмүр менен өлүмдө, узун менен кыска жашоодо ж. б. айырма жок. Неодаосизм уланып отуруп буддизмге сиңип, философиялык агым катары жок болуп кеткен.




Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8