Непалдар

Википедия дан
Parvate Hindu groom
Nepali girls in Parbatiya (Pahadi) dress

Непалдар (өздөрүн непалдар, кхастар, парбатиялар, гуркхтар деп аташат) – Непалдын негизги калкы, инди-арий тобундагы элдердин бири. Индия, Сауд Арабиясы, Малайзия, АКШ, Япония, Катар, Англия, Кытай, Австралия, Канада жана башка өлкөлөрдө жашашат. Жалпы саны 20 миллион киши, анын ичинен Непалда 14 млн, Индияда 4,2 миллион киши (2012). Непал тилинде сүйлөшөт. Диний ишеними – индуизм, буддизм Биздин заманга чейинки 1миң жылдыктагы индиялык булактарда непалдардын ата-теги – кхастар деп эскерилет.

Nepalese woman in traditional dress circa 1900s

13–14-кылымда кхастардын магар, гурунг жана башка уруулардын бир бөлүгү менен аралашуусунун негизинде кхас этносу пайда болуп, гуркхтардын калыптанышына негиз түзгөн. Непалдар төмөнкү кастанын өкүлдөрү, мүмкүн абориген урууларына кирген. 18-кылымдын 2-жарымында непал этносу калыптанган. 20-кылымдын ортосунан улуттук консолидация процесси күч алган. Непалдар эки же үч кабаттуу кыштан тургузулган үйлөрдө жашап, дыйканчылык менен кесиптенишкен. Эркектердин салттуу кийимдери – тик жакалуу көйнөк (даура), шалбар (сурувал), узун белбоо (патука), күрмө. Аялдары кооздуктарды тагынып, сары түстө (көбүнчө шаардыктар) кийинишет. Тамак-ашы – негизинен күрүч, кара буудай менен жүгөрүдөн даярдалган нан, сүт (буйвол сүтү) азыктары. Майрам күндөрү жана курмандык чалууда эт пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]