Нефросклероз

Википедия дан

Нефросклероз (нефроз жана скле­роз) — гипертония оорусунун акыркы стадиясында туташтырма ткандын жайылып өсүшү менен мүнөздөлгөн жана уремияга учураткан бөйрөктүн берчтенип бузулушу.

Ал бөйрөк кан тамырларынын бузулушунан жана сезгенүүдөн пайда болот. Нефросклерозго нефрит, атеросклероз, пиелонефрит, бойрок ту­беркулёзу жана таш оорусу себеп бо­лот. Гипертония оорусунда бөйрөктүн майда тамырларынын капталы калыпданып, чириши Нефросклерозго алып келет. Абдан өтүшүп кеткен Нефросклероздо бөйрөк кичирейет, бети бодурайып, чүрүшүп калат. Нефросклероздун негизги белгилерп: заа­ра менен кан, белок чыгуу жана заара­нын салыштырма салмагынын кескпн төмөндөшү. Нефросклероздун башталышьш бөйрөктүн функциясын текшернп, радио-изотоптук методдун жардамы менен билүүгө болот.

Дарылоодо тузсуз диета, кан басымын төмөндөтүүчү жана микробго каршы дарылар, кээде хирур­гия жолу колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.