Нечаевчилер процесси

Википедия дан

Нечаевчилер процесси - 1871-ж. 1-июлдан 11-сентябрга чейин Россияда биринчи ачык өткөн саясий про­цесс.

Петербург сот палатасында от­кон. С. Г. Нечаев түзгөн заговорчул «Элдик жаза» уюмунун мүчөлөрү менен уюмдун көз караштарын жактабаган жанa ага карты активдүү күрөшкөн адамдар да тергөөгө тартылган. Аларга «өкмөткө каршы заговорго» катышкан деген айып коюлган. Нечаевдин документтерине («Революционердин катехизиси», I Интернационалдын агентинпн жасалма мандаты) таянып жанa студент Ивановдун олтүрүлүшүн пайдаланып, падыша өкмөтү революционерлердин беделин түшүрүүгө аракеттенген. Сотко 87 адам тартыл­ган.

Айыпкерлер күрөшүүнүн нечаевчил ыкмасын ашкерелеп, өздөрүнүн революциячыл көз карашын коргогон. Негизги айыпкерлер П. Г. Успенский, И. Г. Прыжов, А. К. Кузнецов, Н. Н. Николаев каторга жумушуна, 2 адам сүргүнгө, 28 адам түрмөгө кесилген. Калганы акталган. Нечаевчилер процесси Нечаевдин авантюристтик тактикасын ашкере­леп, демокр. жаштардын арасында революциячыл аң-сезимдин өсүшүно жардам берген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.