Гоголь Николай Васильевич

Википедия дан
Николай Гоголь‎»‎ барагынан багытталды)
Николай Гоголь
Гоголь, Николай
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Николаевич Васильевич Яновский (Гоголь)
Туулган жылы: 20-март, 1809 - жыл.
Туулган жери: Миргород уезди, Большие Сорочинцы кыштагы, Полтава губьерниясы, Россия империясы
Өлгөн жылы: 4-март, 1852-жыл.
Өлгөн жери: Москва, Россия империясы
Өлкө:
Ишмердүүлүгү: жазуучу, драматург
Наамдары:
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1829-1852-жылдар

Николай Васильевич Гоголь — орус жазуучусу жана драматург. Орус адабиятынын классиги.

Өмүрү жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Н.В.Гоголь 1809-жылы Полтава губерниясындагы Миргород уездинде Чоң Срочинцы деген жерде помещиктин үй-бүлөсүндө туулган, атасы өз мезгилинде билимдүү адабият менен театрды жакшы билген акылы тунук адам болгон.
Н.В. Гоголь бала кезден эле жөө жомок, ыр поэмаларды мыкты өздөштүргөн.
1818-жылы Полтава уездик 5 окуу жайында окуп андан Нежин жогорку гимназиясына кабыл алынган.
1821-жылы Яновский деген фамилиясын Гоголь-Яновский деп өзгөрткөн.

1821-1828-жылдары Нежин гимназиясында окуп жүргөндө инсан катары калыптанып, мыкты белгилүү профессор окутуучулардын таасири менен чыгармачылык шыгы өсө баштайт.

А.С. Пушкиндин, К. Рылеевдин поэзиясынын духунда чоңойгон.
1828-жылы университетеке тапшыруу үчүн Петербургга келет. Бирок жакырчылыктын айынан окууга өтпөй турмуштан абдан кыйналат.
1829-жылы В.Алов деген псевдоним менен “Ганс кьюха гантел” деген поэма жазат. Жазган чыгармасы адабият чөйрөсүндө катуу сынга учурап, кийинчерээк баарын өрттөп жиберет.
Гоголдун жазуу манерасы абдан кызыктуу, парадоксалдуу. Фантасмогориялык ирреализмдин өкүлү.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1831-жылы - Диханька хуторунунун жанындагы кечелер
1848-жылы - Өлүү жандар
1829-жылы - Ганс кьюха гантел
Шинель
Тарас Бульба
Миргород
Нос
Вий

Драмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ревизор
Женитьба
Размышления у парадного подъезда ж.б.

Гоголь кыргыз театрында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Николай Гоголь кыргыз театрынын өтө кастарлап койгон драматургдарынын катарына кирет.
Гоголдун өлбөс-өчпөс "Текшерүчүсү" ("Ревизор") кыргыздын улуттук сахнасында көп жолу сахналаштырылган.
Ошондой эле тагдыр "Үйлөнүүсүнө" ("Женитьба") туш келген.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Китепканалар

Макалалар