Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектеп гимназиясы

Википедия дан

Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектеп гимназиясы Кочкор районунундагы мектептердин бири.
Мектеп 1985 жылы пайдаланууга берилген үч этаждуу типтүү, 1176 орундуу. Мектепте азыркы учурда 1368 окуучу окуп, аларга 102 мугалим билим тарбия беришет. Мектепте окуу эки тилде жүргүзүлөт, орус жана кыргыз тилдеринде. Бул мектеп белгилүү акын Нинакан Жүндүбаеванын атынан 1993 жылы коюлган. Мектеп гимназия статусун 2002-жылы алган. Ал кезде мектепти Асангазиев Мырзабек Асангазиевич жетектеп турган.