Ниржа Бханот

Википедия дан
Ниржа Бханот
नीरजा भनोट
Төрөлгөндөгү аты:

Ниржа Бханот

Ишмердүүлүк тармагы:

Стюардесса

Туулган датасы:

7 -сентябрь 1963(1963-09-07)

Туулган жери:

ИндияЧандигарх, Индия

Жарандыгы:

Индия Индия

Өлгөн датасы:

5 -сентябрь 1986(1986-09-05) (22 жаш)

Өлгөн жери:

Пакистан Карачи, Пакистан

Атасы:

Хариш Бханот

Апасы:

Рама Бханот

Сыйлыктары:
Ашока Чакра Ордени

Ниржа Бханот (хинди नीरजा भनोट); 1963 жылы, 7 сентябрда Индиянын Чандигарх шаарында жарык дүйнөгө келген. «Pan American World» (Мумбайдагы бөлүмү, Индия) авиакомпаниясынын, Pan Am 73 каттамында башкы стюардессасы жана ошол каттамда өзүнүн баатырлыгын көрсөткөнү менен белгилүү. Ошол күнү террористердин колунан ок жеп, курман болгон. «Ашока Чакра» орденин (Индиядагы эң бийик даражадагы орден) алган эң жаш адам катары да таанымал.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ниржа "Ыйык жүрөк" орто мектебин аяктаган. Андан кийин Мумбайда билимин уланткан. Бир убактарда моделдик жааата эмгектенип, 16 жашында бир нече белгилүү брендердин жүзү болгон. 1986- жылдын март айында Ниржаны ата-энелер макулдашуусу менен күйөгө узатышкан. Бирок, күйөсү берилген калыңына нааразы болуп, 2 айдан кийин Ниржаны төркүнүнө жеткирген. Ажырашкандан кийин Ниржа өз бакытын дагы бир сынап, стюардесса болуп иштөөнү көздөп, Pan America авия компаниясына кирет. Анда ал өзүнүн жогорку билимин көрсөтүп, башкы стюардесса наамын алат.

Эрдиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баягыдай эле жумушка киришип, «PA 73» каттамына башкы стюардесса болгон. Ал учак Мумбайдан, Пакистандын Карачи шаарына конуп, андан ары Франкфуртка, ал жактан Нью-Йоркко баш бакмак. Учак Карачи шаарына 05:00 убакт чамасында конгондо, 4 курал-жарак көтөргөн террористер учакты басып алган. Учакта 2 учкуч жана инжинер болгон. Кооптондуру белгилерин Ниржа өз убагында бергендиктен алар качууга үлгүргөн. Ал эми Ниржа башкы стюардесса болгодуктан учакты башкарууну өз мойнуна алган. Террористтер "Абу Нидал" топтомосунан болгон жана алар "Мен америкалыкмын" дегендердин баарын аткан. Андан кийин калган америкалыктарды табуу максатында, Ниржа Бханотко бүт жүргүнчүлөрүнүн паспорторун чогултууга буйрук берген. Ниржа жана башка экипаждын мүчөөлөрү чогултуп, 19 американын жараадарынын паспорторун каткан. 17 саатан өткөндө, террористер ок ата баштаган, ошол заматта Ниржа коопсуздук эшигин ачып элдерди кое берип, бир топ элди аман алып калган. Акырында окко өзүнүн төшүн тосуп 3 жаш баланын өмүрүн сактап калган. Азыркы учурда ошол балдардын бири учкуч болуп эмгкетенет. «Ашок Чакра» наамы ыйгарылып, бир топ сыйлыкка өзүнүн эрдигин көрсөткөн үчүн татып, каза болгонуна карабай баатыр деген наам берилген.

Эcкерүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]