Ничке кени

Википедия дан

Ничке кени - Токтогул районундагы кум жаткан жер. Токтогул шаарчасынан 9 км батышта, Ничке суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1020 м бийиктикте жайгашкан.

1972-ж. геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында неогентөртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмө тектери жатат. Кум узундугу 1,5 км, калыңдыгы 10 мте чейинки катмарды түзөт. Ири бүртүкчөлүү (0,6 лглгден кесек бөлүкчөлөрү басымдуу), негизинен кварц, талаа шпатынан турат. Арасында 10% ке чейин майда шагыл кездешет. Чаң 6%, слюда 2,6%ке чейин, органикалык кошунду жок. Көлөмдүк массасы 1,53-1,59 гм3. Тектоникалык касиети боюнча кумду «200» маркадагы бетонго жана курулуш ылайына колдонсо болот. Бирок, адегенде кумду жууп, иргеп алуу сунуш кылынат. Запасы А-В категориясы боюнча 1093 миң м3. С^-1484 миң м3, АB-Cj-2577 мин м3.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5