Нокто

Википедия дан

Нокто – малдын башына катылуучу, ооздуксуз, тизгинсиз, чылбыр тагылган жүгөнгө окшогон шайман. Нокто көбүнчө жылкыга, буйлаланбаган төөгө, чүлүктөлбөгөн уйга, өгүзгө же топозго салынат. Адатта, кулун ноктосу жүндөн жасалат да, чылбырдын ордуна желедеги чыктага кыска сагак тагылат. Ошондуктан кулун ноктосу менен агытылса да, эч жерге илинип-чалынбайт. Ноктону устат кайышчылар, өрмөкчүлөр түрдүү оймо-чийме түшүрүп, жез, калай чөгөрүлүп кооздогон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]