Нуридинова, Канышай, Хамитовна

Википедия дан
Нурдинова Канышай Хамитовна
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Нурдинова Канышай
Туулган жылы: 1949-жылдын 20-апрели
Туулган жери: Жалал-Абад облусу
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: Эл аралык мамилелер
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Эл аралык мамилелер факультети
Илимий даражасы  :[[] ()
Илимий наамы: профессор

Нурдинова Канышай Хамитовна

Өмүр баяны жана эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К.Х. Нурдинова 1949 жылы 20 апрелде Сузак районунун Сузак айылында төрөлгөн. 1966 жылы Ош шаарында медаль менен орто мектепти, 1970 жылы ОшПИнин физика-математика факультетини артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Эмгек жолун 1970ж. бүтүргөн факультетинде баштайт. 1971-1978 жылдары - Кыргызстандын Ош облусттук комсомол комитетинин жооптуу кызматкери, 1979-1980жж. - ОшПИнин философия кафедрасынын окутуучусу.

1981-1983ж.ж - М.В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинин философия факультетинин күндүзгү аспирантурасынын аспиранткасы. 1984 жылы-ОшПИнин философия кафедрасынын улук окутуучусу. 1985-1990жж.- Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Ош шаардык комитетинин пропаганда жана агитация, андан кийин идеология бөлүмүнүн башчысы. Белгилеп кетчү нерсе, комсомол жана партиялык кызматтарда жүрүп да К. Х. Нурдинова ОшМУ менен байланыштарын үзгөн жок, окутуучулук ишин бирге алып жүргөн. 1989 жылы доцент илимий наамына ээ болот.

05.1990-05.1992 - ОшМУда тарбиялык иштер боюнча проректор, андан кийин 05.1992 - 09.2000 – философия кафедрасынын доценти, ошону менен бирге 2007- жылга чейин коомдук илимдер жана гендер борборлорунун, жакырчылык проблемаларын изилдөө борборлорунун директору болуп иштейт. 2000-2012-жж. - эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы. Ошону менен бирге 2006-жылдан баштап аталган кафедранын профессору.

К.Х. Нурдинованын жалпы эмгек стажы 47 жылды түзөт, анын ичинен ОшМУда 45 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К.Х. Нурдинова 1983-жылы “19- кылымдын акырында 20- кылымдын башталышында орус физикасындагы материализмдин жана идеализмдин күрөшүүсү” деген темадагы диссертацияны М.В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинде ийгиликтүү коргоп, философия илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болот. 1989-жылы доцент илимий наамы ыйгарылат. 70ке жакын илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору. Ал эмгектерде философия тарыхынын, социалдык философиянын, гендердик саясаттын жана эл аралык-саясий илимдин проблемалары чагылдырылат. Көп жолу Кыргызстандын илими жана билим берүүдөгү жетишкендиктери жөнүндө Дания, Польша, АКШ, Югославия, Германия, Россия жана Борбордук Азиянын мамлекеттеринде өткөрүлгөн эл аралык илимий конференцияларда баяндаган. АКШ, Европа өлкөлөрүндө, Кытайда өткөрүлгөн 30дан ашуун эл аралык курстарда жана семинарларда өзүнүн квалификациясын жогорулаткан.

ОшМУнун өнүгүүсүнө кошкон салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К.Х. Нурдинованын демилгеси менен ОшМУда 1997-1999-жж. гендер, коомдук илимдердин жана жакырчылык проблемаларын изилдөө борборлору ачылган. Анын жетекчилиги астында Ош шаарында миңдеген үй-бүлөө изилденип, жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөргө ар түрдүү жардам уюштурулган. Жакырчылык проблемаларын изилдөө борборунун ишмердүүлүгү Ош шаардык жана областтык мамлекеттик администрациялары тарабынан абдан жогору бааланган.

Гендер борбору тарабынан гендердик курстар ОшМУнун бир катар факультеттеринин окуу пландарына киргизилген, ошондой эле Ош шаарындагы жана областтагы жашоочулардын ар түрдүү катмарында гендердик билим берүү активдүү жүргүзүлгөн. Гендер борборунун алдыңкы иш тажрыйбасы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүгүү маселелери боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан ОшМУнун базасында (2005ж) өткөрүлгөн республикалык семинарда жайылтылган. К.Х. Нурдинова ОшМУда, областтагы ЖОЖдордо жана мектептерде 15тен ашуун эл аралык билим берүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда чоң салымын кошкон. Бир катар билим берүү долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу үчүн эл аралык уюмдарынан ОшМУга 10миң долларга жакын каражат жана көптөгөн окуу адабияттарды тарткан. Жаңы факультетти ачуу маселелери боюнча түзүлгөн комиссиянын мучөсү болуп, эл аралык билим берүүнү интеграциялоо факультетинин 2000-жылы ачылышына өзүнүн белгилүү салымын кошкон.

Ошондой эле ОшМУнун Окумуштуу Кенешинин мүчөсү, ОшМунун окуу-усулдук кеңешинин мүчөсү жана эл аралык мамилелер факультетинин окуу-усулдук кеңешинин төрайымы катары университеттеги билим берүү процессин өнүктүрүү боюнча иш алып барат.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К.Х.Нурдинова Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин Ардак Грамотасы (1996-ж.), “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги” төш белгиси (1998-ж.), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы, үй-бүлө. аялдар жана жаштар боюнча Мамлекеттик Комиссиясынын (1999-ж.), Кыргызстан Аялдар Комитетинин (2000-ж.) Ардак Грамоталары менен сыйланган. Билим беруу тармагына коптогон жанылыктарды киргизгени жана Ош областынын жогорку окуу жайларында жана мектептеринде бир катар эл аралык проекттерди иш жүзүнө ашырганы үчүн 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын ээси болгон. Ошондой эле бир катар Ош областтык (1998-ж, 2001-ж, 2007-ж) жана шаардык (1999-ж, 2001-ж, 2009-ж) мамлекеттик администрацияларынын, ОшМУнун (2001-ж, 2005-ж, 2009-ж) Ардак Грамоталары, «ОшМУнун эмгек синирген ишмери» (2014-ж) медалы менен сыйланган. ОшМУнун “Мыкты лектору” деген конкурсунда биринчи орунду ээлеген.

Негизги жарыкка чыккан эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Методические рекомендации по курсу философии для студентов з/о. Учебное пособие.- Ош, 1999, 5п.л.;
  2. Женщина в общественном сознании кыргызского народа.-Всб.“Түрк элдеринин дүйнө цивилизациясында алган орду жана ролу”- Ош,1999;
  3. Права женщины и вооруженные конфликты. – В кн.”Конфликтология: современные тенденции и перспективы”.- Ош, 2002;
  4. Кыргызстандагы гендердик саясат: проблемалар жана перспективалар.-Вестник ОшГУ, коомдук илимдер сериясы, №6-Ош, 2006;
  5. Многовекторная внешняя политика Кыргызстана в современных условиях.-Материалы научно-практической конференции, посв. 60летию МИД КР. -Ош,2009