Нурлануу интенсивдүүлүгү

Википедия дан

Нурлануу интенсивдүүлүгү – бирдик убакытта бирдик аянт аркылуу ошол аянтка түшүрүлгөн нормалдын багытында өтүүчү жана көлөмдүк бурчтун бирдигине эсептелген нурлануу энергиясынын толук агымы. Нурлануу интенсивдүүлүгү түшүнүгү теңсалмактуу нурлануу теориясында, нурлануунун таралуу теориясында, нур–жылуулук алмашуу теориясында, фотометрияда колдонулат. Нурлануу интенсивдүүлүгү термининин ордуна «нурлануунун жаркырактыгы» колдонулат. Жарык чоңдуктарынын системасында окшош чоңдук жарык агымынын интенсивдүүлүгү деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,