Нур жиберүү

Википедия дан

Нур жиберүү — оорунун алдын алуу жана дарылоо максатында организмге нур энергиясын таасир этүү. Ал көбүнчө физиотерапияда, мисалы, күн нуру менен организмди чындоодо, ультракызгылт-көк нур итийди дарылоодо, инфракызыл нур жылытуу үчүн колдонулат. Организмге нур жиберүү нур менен дарылоо жана рентген диагностикасында мааниси чоң. Физиотерапиялык процедураларда ченегич аспап менен дозасы так өлчөнөт. Рентгендик изилдөөдө нур өтө аз жиберилет, коопсуздук техникасы сакталган учурда ал организмге эч зыян келтирбейт. Нур менен дарылоодо ар бир учур так дозаланып, врачтык көзөмөлдө гана жүргүзүлөт. Өз алдынча күн ваннасын алууда өтө этият болуу керек. Күндө көпкө болуу катуу күйүккө жана ысык урууга дуушарлантат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8