Обжектке багытталган берилиштер базасы

Википедия дан

Обжектке багытталган берилиштер базасы (англ. Object- oriented data base) - {орус. Объектно-ориентированная база данных). Жакынкы жылдары обжектке багытталган техноложиге негизделген берилиштер базасынын башка типтеги структурасы иштелип чыкты. Обжектке багытталган берилиштер базасы берилиштер менен берилиштерди пайдаланган аракеттерди камтыган обжектерден турат. Мисалы, обжектке багытталбаган берилиштер базасындагы кызматкердин жазылышы кызматкердин номери, аты- жөнү, дареги, бөлүмү, айлык акысынын өлчөмү ж.б.у.с. жөнүндө берилиштерди камтымак. Обжектке багытталган берилиштер базасындагы кызматкердин жазылышы жогоруда айтылган берилиштерден сырткары кошумча кызматкер жазылышын кантип көрсөтүү же басып чыгаруу жана кызматкердин айлык акысын эсептөөчү көрсөтмөлөрдү камтыйт. Обжектке багытталган берилиштер базасы, ошондой эле фото сүрөт, аудио-видео сыяктуу структуралуу эмес берилиштерди сактай тургандай иштелип чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]