Облитерация

Википедия дан

Облитерация (лат. obliteratio — унуткаруу, жок кылуу)

  • 1) (мед.) көңдөй же түтүк сыяктуу органдардын алардын капталындагы ткандарынын (көбүнчө туташтырма ткандын) өсүшүнөн бүтөлүп жанa бири бирине жабышып калышы.
  • Облитерация көбүнчө сезгенүү нроцесстеринен, кээде шишиктин жайылып өсүшүнөн пайда болот.
  • Организмди катуу бузулууларга (мис., кан тамырларынын ич көңдөйүн бүтөп калган эндартериит) дуушар кылат.
  • 2) (Ботан.) өсүмдүктүн клетка жанa ткандарынын жалпайышы. Ал клетка ичиндеги жанa клетка аралык көңдөйлөрдүн жоюлушуна алып келет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.